Инспектордон 40 миң сом алып жаткан подполковникти кармоо учуру. Видео

Жазылуу
Милиция кызматкери жалпы жонунан 5000 доллар талап кылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кометитеттин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы пара алып жаткан Жайыл РИИБ жетекчисинин орун басарын кармоо учурундагы видеосун таратты.

Калп детекторунан өтүп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку кызматта иштечүлөр калп детекторунан өтөт. Кадр кызматынан репортаж
Жайыл райондук ИИБдин ыкчам иштөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары ошол эле мекеменин жол коопсуздугу бөлүмүнүн инспекторунан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки ишин оң жагына чечип берем деп буга чейин 5000 доллар талап кылган. Анын 40 миң сомун алып жаткан учурда колго түшүрүлгөн.

Кадрдан милиционердин кафеден кармалганын көрүүгө болот.

ИИМ кызматкери УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0