Сузакта Көк-Арт дарыясына аты менен кошо аккан улакчы. Видео

2623
(жаңыланган 14:04 19.04.2019)
Ат суудан өтүп баратканда мүдүрүлүп кеткен.

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда өткөн көк бөрү оюнунда Көк-Арт дарыясын кечип өтүп келе жаткан улакчы аты менен кошо агып кеткен. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Окуя Сузак районунда 18-апрелде болгон.

Күбөнүн салган видеосунан суудан тура албай, агып бараткан атты көрүүгө болот. Анын ээси суунун шар акканына карабай атынын артынан барып, чылбырынан тартып башын көтөргөн.

"Аттардын бири сууну кечип өтүп баратканда мүдүрүлүп жыгылып, агып кеткен. Ат менен кошо ээси да сууга кулап, 10-15 метрге чейин агып барды. Оюнчулар ат менен ээсин куткарып калышкан", — деди күбө.

Ал эми улакчы эч кандай жараат алган эмес.

2623
Белгилер:
дарыя, ат, улакчы
Тема боюнча
Камчыны тиштет! Электр тогуна урунган улакчыны эл аман алып калган видео
Улакта мертинген Баронго көз тийдиби? Аргымак ээси эмне дейт