Кара-Көлгө жакын жерде жүк ташуучу автоунаа жол жээгине оодарылып калды. Видео

Жазылуу
Бишкек — Ош кан жолундагы туннелдин жанында чиркегич чиркелген DAF үлгүсүндөгү жүк ташыган унаа оодарылып калган. Жол кырсыктын видеосун күбө жиберди.

Видеодо жолдун четинде туннелге жакын жерде капталына оодарылып калган жүк ташуучу автоунааны көрүүгө болот. Анын жанында кран иштеп жатат жана бир нече киши жүрөт. Күбө видеону Кара-Көл шаарына жакын жерден тартып алганын билдирди.

Жалал-Абад облустук ЖКККБнын маалымат кызматы жол кырсыгы 13-апрелде Бишкек — Ош жолунун 409-чакырымында саат 22:45тер чамасында болгонун ырастады.

"Тажикстандын 24 жаштагы тургуну Ош шаарын көздөй жүк ташуучу автоунааны айдап баратып рулду башкара албай, машинаны дароо бурганда, унаа бетон тосмого урунуп, жол четине оодарылып калган", — деп милициядан кабарлашты.

Айдоочу жаракат алып, Кара-Көл шаарындагы ооруканага жеткирилген. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0