Жээнбеков cүйлөп жатса аткаминерлер уктап калганбы? Видео

Жазылуу
Кечээ Ош шаарында телекоммуникациялык форум өткөн.

Интернет айдыңында президент Сооронбай Жээнбеков трибунада сүйлөп жатканда аткаминерлер уктап калгандай кадрлар бар видео жарыяланды.

Аны "Жалбырак-ТВ" өзүнүн YouTube каналына чыгарган. 

Первый телекоммуникационный форум в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: cанариптештирүү президенттик ишимдин башкы багыты
Жээнбеков сүйлөп жаткан учурда залда отургандардын бир катарлары уктап жаткандай көрүнүп турат. Анткен менен алардын президент сүйлөп жатканда же башка учурда үргүлөп кеткени так эмес. 

Эске салсак, президенттин маалымат кызматы 22-апрелде Ош шаарында Жээнбековдун катышуусунда телекоммуникациялык форум өткөнүн кабарлаган. Ал "Санарип Кыргызстан: региондорду өнүктүрүү" деп аталган. 

Президенттин сайтында жарыяланган сүрөттөр менен тарап кеткен видео бир эле иш-чара сымал түр калтырууда.

Аталган форум биринчи ирет өтүп, ага жалпысынан 500дөн ашык адам катышканы айтылган. Ага Ош, Баткен, Жалал-Абад облусунун мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен кызматкерлери келген. Алардан тышкары өлкөнүн бизнес-коомчулугунун, IT тармагынын, коомдук уюмдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0