Жер титиреп, көк тиреген үйдүн чатырындагы бассейндин суусу чачылды. Видео

6431
(жаңыланган 10:57 23.04.2019)
Тонналаган суу көчөгө чачылып, элдин үстүнө төгүлдү.

Манила шаарындагы Anchor Skysuites деп аталган көп кабаттуу үйдүн чатырындагы бассейндин суусу жерге чачылды. Окуянын интернетке тараган видеосун РИА Новости жарыялады.

Бийиктиги 181 метрлик имараттан суунун төгүлүшүнө жердин силкинүүсү себеп болгон.

Мурдараак Пампанга провинциясынын губернатору Лилия Пинеда Филиппиндин борбордук аймагында болгон бул жер титирөөдөн сегиз адам каза болгонун айткан. Алардын бешөө турак үйлөрдүн урандысында калса, үчөөнүн сөөгү талкаланган азык-түлүк дүкөнүнөн табылган.

Дагы бир нече адам дайынсыз болуп жаткандыктан куткаруу иштери уланууда.

АКШнын геологиялык кызматы Манила шаарына жакын жерде күчү 6,3 баллга жеткен жир силкинүү болгонун айтса, жергиликтүү ЖМКлар 6,1 балл болду деп жазууда.

6431
Белгилер:
жер титирөө, бассейн, Суу, Манила, Филиппиндер
Тема боюнча
Наполеон Бонапарт тактыга отурган. Нотр-Дам-де-Пари чиркөөсү тууралуу 7 факты
Бишкекте имарат куруу үчүн жер бөлүүгө тыюу салынды. Тизме

Баланын коопсуздугун колу менен коргогон мышык. Ич жылыткан видео

92
Кээде жаныбар болсо да наристенин коопсуздугун ата-энесинен кем калбай коргогон учурлар кездешет. Дал ошондой видео интернет айдыңга тарап кетти.

Балкондун кармагычына колун созгон бөбөктү жанында отурган мышык кадимкидей тыйып, кадам сайын "тартипке чакырып" жатканын көрүүгө болот.

Тили чыга элек бала балкондун кармагычына колун созуп, асылгысы келип, бирок ага жанында периште сымал кайтарып отурган мышык "жол бербей" жатканы четте турган кишинин ичин жылытат. Агала мышык "максатына жетүүгө тоскоол болгонун" түшүнгөн сымал, бөбөктүн бөлмөнүн башка тарабына кетип бара жаткан учуру менен видео аяктаган.

92
Белгилер:
видео, балкон, мышык, бала
Тема боюнча
Шакылдатып башка чапкылап. Мышык менен ымыркайлардын ич жылыткан видеосу

Колун кайрып, акчасын алып... Баткенде иштеген бажычыны кармаган видео

233
Финансы полициясы тарабынан Баткен облусундагы "Кызыл-Бел" бажы өткөрмө бекетинин нөөмөт башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды.

Маалыматка ылайык, Финполго жеке ишкер кайрылып, аталган бекетте иштегендер кызмат абалынан пайдаланып бажы көзөмөлүнөн тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн системдүү түрдө акча берип туруусун талап кылганын айткан. Мындан улам ал бажычыларга чара колдонууну суранган.

"Кечээ, 26-январда, ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында "Кызыл-Бел" бажы бекетинин нөөмөт башчысы М.Т. Кызыл-Кыя шаарында пара алып жаткан жеринен кармалды. Мындан тышкары, анын автоунаасын тинткенде 100 миң сом (чет өлкөнүн валютасы дагы бар) чыккан. Шектүү каражатты кайдан алганын айтып бере алган эмес", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") менен катталган.

233
Белгилер:
бажы, пара, кармоо, Баткен
Тема боюнча
700 миң сомдун дайны жок. Оштогу "Достук" бажы бекетинин тескөөчүсү кармалды
"Ош электрдин" мурдагы директору 1 млн. сом пара алууга шектелип кармалды
Генералдык штабтын аскер кызматкерлери. Архив

Генштабды Коргоо министрлигине айлантуунун эмне зарылдыгы бар эле. Адистердин пикири

17
(жаңыланган 22:55 27.01.2021)
Жаңы бийликтин келиши менен Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы кайрадан Коргоо министрлиги болуп өзгөрүшү ыктымал.

Бүгүн Генштабдын маалымат кызматы бул ведомствонун кайра өзгөрүшү боюнча кабарды Sputnik агенттигине тастыктаган.

Мекеменин Facebook баракчасында "Жарандар министрликти түзүүгө кандай карайт?" деген сурамжылоо жүргүзүлгөн. Андагы пикирлерге таянсак, оюн калтыргандардын көбү бул идеяны колдогон.

Эске салсак, Коргоо министрлиги 2014-жылы жоюлуп, КРдин Куралдуу күчтөрүнүн бардыгы Генералдык штабдын карамагына өткөн. Министрлик өкмөткө, штаб мамлекет жетекчисине баш ийерин белгилей кетели.

КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы — аскердик башкаруунун борбордук органы. Өлкөнүн куралдуу күчтөрүн жана башка аскердик түзүмдөрдү жетектеп, аларды даярдоо менен алектенет.

Бул эки органдын аталышына жараша министр же начальник башкарса, КРдин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы кандай гана өзгөрүү болбосун Баш мыйзам боюнча президент болот.

Sputnik Кыргызстан агенттиги аскер тармагында жогоруда белгиленгендей, күтүлүп жаткан өзгөрүү боюнча эксперттердин пикирин укту.

Алымкожоев: экөөнүн тең артыкчылыгы бар, бирок кийин Генштабга кайтабыз

Генералдык штабдын биринчи начальниги, запастагы генерал-майор Асанбек Алымкожоев КМШ мамлекеттеринин бардыгында жана Кытайда куралдуу күчтөр Коргоо министрлигине гана баш ийе турганын, бул жагдай Кыргызстанга аталган өлкөлөр менен кызматташууга таасирин тийгизип жатканын белгиледи.

Экс-начальник Генерального штаба Вооруженных сил Кыргызской Республики Асанбек Алымкожоев во время беседы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Генералдык штабдын биринчи начальниги, запастагы генерал-майор Асанбек Алымкожоев
"Мурдагы Советтер Союзунун Коргоо министрликтери аскердик-техникалык жактан өз ара кызматташат. Кыргызстандыкы Генералдык штаб деп аталганы үчүн иштешүүдө кыйынчылыктар жаралып жатканы айтылат. Себеби айрым мамлекеттерде Генштаб Коргоо министрлигине баш ийип, өзгөчө кырдаалдарды жөнгө сала турган орган катары иш алып барат. Биздикилер ушул максатта, тагыраагы, карым-катнаш үчүн министрлик рангына ээ болууга аракет кылып жаткан болушу мүмкүн", — деди Алымкожоев.

Ал Генералдык штабды Кыргызстан өзү ойлоп таппаганын, армиясы чоң батыш өлкөлөр ушундай аталышты алып жүрөрүн белгиледи. Ошондой эле анын министрликтен артыкчылыктары дагы бар экенин айтат.

"Убагында Генштаб бардык күч структуралары бир колдо болсун деген максатта түзүлгөн. НАТО өлкөлөрүнүн куралдуу күчтөрү Генералдык штабдын башкаруусунда. Мындай орган аскерлердин күжүрмөн даярдыгына өзгөчө көңүл бурат. Негизи, Коргоо министрлиги бюджет саясатын чечет. Бизде да Генштаб жоокерлерди даярдоо менен көбүрөөк алектенип, акча каражатын Коргоо иштери боюнча комитет караштырчу. Менимче, азыркы жол менен кете бергенибиз туура болмок. Бирок кандай болгон күндө да азыркы бийликтин чечимин сыйлайбыз", — деди генерал.

Алымкожоев Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү 5-10 жылдан кийин кайра Генералдык штабга кайтууну ойлонушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Бейшенов: Коргоо министрлигинин жоюлушуна каршы чыкканбыз

КРдин мурдагы коргоо министринин экс-орун басары Мурат Бейшенов 2014-жылы Генералдык штабга өтөбүз деген демилге көтөрүлгөндө Коопсуздук кеңешине эксперт катары чакырылган экен. Ал ошондо эле кээ бир кесиптештери буга каршы чыкканын айтат.

Экс-заместитель министра обороны КР, член Совета ветеранов ВОВ, тружеников тыла и участников военных действий КР Мурат Бейшенов
© Фото / Клуб региональных экспертов "Пикир"
КРдин мурдагы коргоо министринин экс-орун басары Мурат Бейшенов
"Генералдык штаб конституциялык орган эмес, начальниги өкмөттүн мүчөсү эмес. Чоң мамлекет эмеспиз, армиябыз эбегейсиз болбогондон кийин штабдын эмне кереги бар дегенбиз. Бийлик ондогон миллион сом каражатты кетирип түзүмдү бул органга өткөргөн. Алты жыл болду, эмне өзгөрдү? Эми кайра Коргоо министрлиги болот деп жатат. Ички жана эл аралык документтерди алмаштырууга кайрадан ондогон миллион каражат кетет, бул чоң убаракерчилик да", — деди Бейшенов.

Ал убагында Коргоо министрлигин жоюп, Куралдуу күчтөрдү Генштабга өткөргөндөр жоопко тартылышы керек деген оюн кошумчалады.

Чотбаев: мурдагыдай эле Коргоо министрлиги болушу керек

Улуттук гвардиянын мурдагы генералы, афган согушунун ардагери, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев Коргоо министрлиги менен Генералдык штабдын ишинде көп деле айырмачылык жоктугун, кеп аларды ким жетектей турганында болуп жатканын айтты.

Экс-глава Национальной гвардии КР, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Улуттук гвардиянын мурдагы генералы, афган согушунун ардагери, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев
"Менимче, мурдагыдай эле Коргоо министрлиги болушу керек. Коңшу мамлекеттердин ичинен бизде эле Генштаб болгондуктан алардын жанында толук кандуу орган боло албай жатабыз. Биздики АКШ менен Түркиянын Генералдык штабынын чала варианты болуп калган", — деди генерал-подполковник.

Чотбаев Коргоо министрлигин жоюуга запастагы генералдар башында эле каршы болгонун белгиледи.

17
Белгилер:
өзгөртүүлөр, министрлик, Генералдык штаб, Куралдуу күчтөр, Кыргызстан
Тема боюнча
Курал кармаган аскерлер, тизилген техника. Кыргыз армиясынын даярдыгы видеодо