Жапаров менен Текебаевдин жактоочулары кантип митинг өткөрдү. Видео

Жазылуу
Мурдагы депутаттар Садыр Жапаровдун, Өмүрбек Текебаевдин жана Дүйшөнкул Чотоновдун тарапташтары Жогорку соттун имаратынын алдына митингге чыгышты.

Алар колдоруна "Текебаевге боштондук", "Жапаровго боштондук" жана "Чотоновго боштондук" деп жазылган плакаттарды көтөрүп алышкан.

Чогулгандар камактагыларды чыгарууну талап кылышты.

Отчет Генерального прокурора Откурбека Жамшитова в ЖК - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокурор камактагы Текебаевге кандай жардам бере турганын айтты
Сот түшкө чейин Садыр Жапаровдун ишин карап, аны 30-апрелге жылдырды. Жыйын учурунда жактоочулар сот коллегиясындагы судьяга ишеним көрсөтпөөнү сунуш кылып, ал канааттандырылган.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев Кылмыш жаза кодексинин "Коррупция" жана "Алдамчылык" беренелери боюнча айыпталып, 8 жылга эркинен ажыратылган. Соңку өкүмдү Жогорку сот чыгарган. Бирок кийин Текебаевдин жактоочулары жаңы ачылган жагдайлар боюнча Жогорку сотко кайрылып, ишти кайра кароону өтүнгөн.

Ал эми Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда болгон митинг учурунда Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурууга тиешеси бар деп айыпталып, 11 жыл 6 айга кесилген. Анын иши да жаңы жагдайлар боюнча кайрадан каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0