Базар-Коргондо жоголгон бөбөктү суудан издеп жаткан учурдун видеосу

Жазылуу
Наристенин велосипеди каналдан табылды.

ЖАЛАЛ-АБАД, 23-апр. — Sputnik. Базар-Коргон районунда дайынсыз жоголгон беш жаштагы бала төрт күндөн бери изделип, иштер бүгүн да улантылууда. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Нурдин Жээнтаев билдирди.

Анын айтымында, 22-апрелде ӨКМдин куткаруучулары менен жергиликтүү жашоочулар аны сууга агып кетиши мүмкүн деген шек менен каналдан издеп велосипедин таап чыгышты.

"19-апрель күнү саат 17:00дө Акман айылында 5 жаштагы бала дайынсыз жоголгон. Туугандары өз алдынча издеп таба алышкан эмес. 22-апрель күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары менен биргеликте баланы каналдан да издешти. Натыйжада анын велосипеди табылды", — деди Жээнтаев.

Учурда издөө иштери уланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0