Бишкекте дипномерлүү унаа жол кесилиштин каршы тилкесине туруп алган. Видео

Жазылуу
Бишкекте дипномер тагылган BMW үлгүсүндөгү унаа жол эрежесин бузду — айдоочу каршы тилкеге чыгып алып, сол жакка кайрылууну күтүп турган.

Күбөлөрдүн айтымында, видео өткөн жуманын аягында Манас проспектиси менен Ахунбаев көчөсүнүн кесилишинен тартылган. Алар билдиргендей, унаа Манас проспектиси менен түштүктү көздөй бара жатып сол тарапты көздөй кайрылууну чечип, жол кыймылына тоскоолдук жараткан.

Проект Безопасный город в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Коопсуз шаар: айдоочулар кайсы эрежени көп бузууда? Статистика
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын суранычы менен жол эрежеси бузулганы боюнча видео алардын почтасына жөнөтүлдү.

Кадардан D 19 004 көрүүгө болот (роликтен калган символдорду окуу мүмкүн эмес). Кыргызстандын ТИМинин сайтындагы маалыматка караганда, "19" номери Азербайжандын Кыргызстандагы элчилигине берилген.

Редакция аталган элчиликтин сайтында көрсөтүлгөн телефон номерине чалганда эч ким жооп берген жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0