Сооронбай Жээнбековду Кытай кантип тосуп алды. Видео

Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-апрелде, жумушчу сапары менен Кытай Республикасынын Пекин шаарына барды.

Мамлекет башчысы "Бир алкак – бир жол" эл аралык кызматташтыктын Экинчи форумуна жана "Дүйнөлүк бак өстүрүү – 2019" көргөзмөсүнө катышат.

Газ түтүгүн куруу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кытайдын Кыргызстан аркылуу өтчү газ куурунун орду такталып бүтүп калды
Форумдун алкагында Сооронбай Жээнбеков КЭР төрагасы Си Цзиньпин, ККП борбордук комитетинин саясий бюросунун туруктуу комитетинин мүчөсү Ван Хунин, Кыргызстан менен экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүргүсү келген бизнес-компаниялардын жетекчилери, ошондой эле илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушат.

Мындан сырткары, Президент Сооронбай Жээнбеков эл аралык көргөзмө борборунда Кыргызстандын жана Кытайдын көргөзмө павильондорун көрөт, делегациялардын башка жетекчилери менен бирге "Достук оазиси" гүлбакчасында дарак отургузат.

Жаңылыктар түрмөгү
0