Тытып салат! Уранга каршы митингде Равшан Жээнбековду кууп чыгышты. Видео

Жазылуу
Уран кенинин иштетилишине каршы чыккандар борбордук аянтка чогулуп, нааразычылыктарын билдирүүдө.

Борбордук "Ала-Тоо" аянтында уранга каршы митинг учурунда Равшан Жээнбековдун айынан чыр чыгып кете жаздады. Аянтка чогулгандар аны жакындатпай, кетип калуусун талап кылышты.

Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Уран кенин иштетүүгө тыюу салынганы айтылды. Компания кандай пикирде
Митингчилердин бири: "Алдыңа кетейин, элди чуу кылбай кетип кал, азыр такыр тытып салат",- деди. Мындай талаптан кийин Жээнбековдун четке чыгып, чогулгандардан алыстап кеткенин көрүүгө болот.

Учурда уран кенинин иштетилишине каршы чыккандар борбордук аянтка чогулуп, нааразычылыктарын билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол аймагындагы Таш-Булактагы уран кенин иштетүү боюнча өкмөттүн аракетине жергиликтүү тургундар каршы чыгышкан. Аталган кенде чалгындоо жүргүзүүгө UrAsia in Kyrgyzstan компаниясы лицензия алган. Жарандардын каршылыгынан улам өкмөт кенди изилдөө жана чалгындоо иштери убактылуу токтотулганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0