10:0! Мээрим Жуманазарова казак балбанын баш көтөртпөй жеңип, коло тагынды. Видео

1143
(жаңыланган 12:57 26.04.2019)
Кыргызстандык спортчу Азия чемпионатында коло байге үчүн күрөштө атаандашын таза жеңиш менен утуп алган.

Балбан Мээрим Жуманазарова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионатында коло медалга ээ болгон видеосун Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюму YouTube каналына жүктөдү.

Ушул тапта Кытайда күрөш түрлөрү боюнча чоңдор арасында Азия чемпионаты болуп жатат. Ал 21-апрелде башталган, эми 28инде жыйынтыкталмакчы.

Мелдештин алкагында Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмактагылар арасында жалпысынан үч беттеш өткөргөн.

Чейрек финалда өзбек спортчусу Бактыгүл Балтаниязованы 8:2 эсеби менен утса, жарым финалда япониялык Сара Дошого 0:3 упай менен жеңилип калган. Коло үчүн күрөштө казакстандык Ирина Казюлинаны 10:0 эсеби менен жер караткан.

Ал эми 76 килограмм салмактагы спортчулар арасында Айпери Медет кызы үчүнчү орун үчүн кармашта корей спортчусуна утулуп, байгесиз калды. Ошондой эле 62 килограмм салмак категориясында Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты.

Жуманазарова курама командага үчүнчү медалды алып келди. Буга чейин эркин күрөш боюнча Алигаджи Гамидгаджиев күмүш, Ойбек Насыров коло алган.

1143
Белгилер:
жеңиш, коло, байге, Мээрим Жуманазарова, Азия чемпионаты, Кытай
Тема боюнча
Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр Белоруссиядагы мелдеште ийгиликтүү ат салышты
Кыргызстандык кыз арабдардын дарбазасына укмуштуудай гол киргизди. Видео

Бишкекте күндүзгү стационарлар бейтаптарды кабыл алып баштады. Видео

355
(жаңыланган 17:46 04.07.2020)
Бүгүн борбор калаанын төрт районунда күндүзгү стационарларды ачуу пландалган. Ага сасык тумоо же пневмонияга кабылгандар кайрыла алат. Ал жерде кеп-кеңеш жана асма укол алса да болот.

Ленин районунда бейтаптарды кабыл алуу башталганын мэриядан билдиришти.

Видеодон биринчи бейтаптар кирип, кезекке туруп калгандыгын көрүүгө болот.

Стационарды даярдоо иштерине куткаруучулар да тартылган. ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчиси Адилбек Чаргыновдун айтымында, куткаруучулар түнү бою керебеттерди коюп чыккан.

Мэрия 530 орундук коюлгандыгын билдирди. Мындан мурдараак ар бир жайда 200 орун бар экендигин айткан эле.

Күндүзгү стационарлардын дареги:

  • Ленин району – "Газпром" Ден соолукту чыңдоочу комплекси (Жайыл баатыр көч., 66)
  • Биринчи май району – Кожомкул атындагы Спорт сарайынын имараты
  • Свердлов району – Санатбаев атындагы Ден соолукту чыңдоочу комплекс (Чыгыш-5 кичи району)
  • Октябрь району – Чиркөөнүн жанындагы наабайкананын имараты (Түштүк магистраль)

Пневмониядан дарылоо үчүн Бишкекте дагы үч стационар ачылды. Дареги

355
Белгилер:
бейтап, оорукана, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Маалыматты так берип тургула. Жээнбеков министр Абдикаримов менен сүйлөштү
Боронов: Россияда иштеген кыргыз дарыгерлер жардамга даяр, учак менен алып келебиз

Деңиз жээгинде сүрөткө түшөм деп... Колуктунун чөгүп кете жаздаган видеосу

674
(жаңыланган 19:16 03.07.2020)
Калифорниянын түштүгүндө деңиз жээгиндеги фотосессия жасап жаткан колукту аз жерден чөгүп кете жаздады.

ABC News басылмасынын маалыматы боюнча, окуя Американын Лагуна-Бич шаарындагы Treasure Island пляжында болгон.

Үй күйүп жатса, өрт өчүрүүчүлөр сүрөткө түшүп... АКШдагы окуя

Кадрдан жубайлар сүрөткө түшүп жаткан маалда ары жактан катуу толкундун келгенин көрүүгө болот. Андан соң эки-үч киши үлпөт көйнөкчөн колуктуну суунун ичинен көтөрүп жээкке алып чыгып жатканы көрсөтүлөт.

Ал жерде куткаруучулар чакырылганы жазылган. Бактыга жараша, жаш жубайлар жаракат алган эмес.

674
Белгилер:
сууга чөгүү, деңиз, фотосессия, жубайлар
Тема боюнча
Селфи кылам деген төрт киши сууга агып кетти. Индиядагы окуя
Бишкеке Москвадан Кыргызстандын жарандары келди

Россиядагы кыргызстандык медиктер Бишкекке келди. Сүрөт

0
(жаңыланган 16:16 05.07.2020)
Мекенге ак халатчандардан тышкары кош бойлуулар, студенттер, оорулуулар жана башка зарыл себептери бар адамдар келди.

БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Москвадан кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлер Бишкеке келип конгонун Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

  • Сегодня, 5 июля, в Кыргызстан прибыл борт авиакомпании «Аэрофлот – Российские авиалинии» по маршруту «Москва – Бишкек», которым в Кыргызстан возвращены 424 граждан Кыргызской Республики из России, включая 26 малолетних детей.
    Москвадан кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлер Бишкеке келип конгонун Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди
    © Фото / пресс-служба МИД КР
  • Сегодня, 5 июля, в Кыргызстан прибыл борт авиакомпании «Аэрофлот – Российские авиалинии» по маршруту «Москва – Бишкек», которым в Кыргызстан возвращены 424 граждан Кыргызской Республики из России, включая 26 малолетних детей.
    Ага ылайык, "Аэрофлот — Россия аба жолдору" компаниясынын Москва — Бишкек каттамы менен 424 кыргызстандык келди
    © Фото / пресс-служба МИД КР
1 / 2
© Фото / пресс-служба МИД КР
Москвадан кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлер Бишкеке келип конгонун Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди

Ага ылайык, "Аэрофлот — Россия аба жолдору" компаниясынын Москва — Бишкек каттамы менен 424 кыргызстандык келди. КРдин Москвадагы элчилиги буга чейин өлкөгө бара турчу медиктердин саны 26 экенин айткан.

"Мекенге кайтып келүүнү каалагандардын саны көп болду. Ошондуктан элчиликтин, кыргыз диаспораларынын жана Москвадагы кыргызстандыктардын клиникаларынын өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия кайтуусу зарыл адамдардын тизмесин даярдады. Ага студенттер, кош бойлуулар, оорулуулар жана оор жагдайга кептелгендер кирген. Ошондой эле азыркы кырдаалга кол сунууга келген кыргызстандык медиктер бар", — деп айтылат маалыматта.

Ошко Москвадан дагы 343 кыргызстандык учуп келди

Кайтып келгендер медициналык кароодон өтүү үчүн обсервацияга алынары кошумчаланды.

ТИМ сыртта калып калган мекендештерди кайтаруу иши уланып жатканын белгиледи.

0
Белгилер:
ыктыярчылар, медик, каттам, ТИМ, Москва, Бишкек
Тема боюнча
Кыргызстанга Кытайдан 500 кычкылтек концентратору алып келинди. Сүрөт