Хабиб Нурмагомедовдун кайрадан аюу менен күрөшкөн видеосу чыкты

Жазылуу
Интернетке UFC чемпионунун мамалак менен алышкан видеосу тараган.

Кадрларда Нурмагомедовдун жаныбар менен күрөшүп, ага бир нече киши байкоо салып турганын көрүүгө болот.

Видео качан тартылганы белгисиз. Бирок 25-апрелде Нурмагомедов Instagram баракчасына ушул эле мамалак менен түшкөн сүрөтүн жүктөп, "Эски досум менен" деп жазып койгон.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Khabib Nurmagomedov (@khabib_nurmagomedov)

Сүрөттүн алдындагы комментарийлерде "бул - Хабиб 9 жашында күрөшкөн мамалак" экенин жазгандар болду. Андагы видео 1997-жылы Махачкалада тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0