Бээ айгырды тумшукка тээп өлтүрдү. Видео

Жазылуу
Жылкы кармагандар айгырдан тукум алып калуу үчүн ага бээни кошууга аракет кылышкан. Бирок бул нерсе айгыр үчүн өлүм менен аяктады.

Церемония открытия III Всемирных игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
Бул аттарды баатырлар, эрлер минген! "Манас" эпосундагы тулпарлар. II бөлүк
Интернетте айгырды бир тээп өлтүргөн бээнин видеосу тарады. Анда жылкы кармагандар айгырдан тукум алуу үчүн аны бээге кошууга аракет кылганын көрүүгө болот. Бирок бээ ары-бери чуркап, бир убакта айгырды башка тепкенде ал жерге кулап түшкөн. Бир аздан соң жылкынын буттары титиреп жан бергени видеого түшүп калган.

Видео качан жана кайда тартылганы белгисиз. Айрым ЖМКлар окуя Мексикада болгонун жазышууда.

Айрым колдонуучулар жылкы кармагандардын бул кылыгын сынга алып, мүрт кеткен айгырга көңүл айткан комментарийлерин жазышууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0