Шри-Ланкадагы отелди жардырган жанкечтинин видеосу тарады

Жазылуу
Жанкечти рюкзак асынып, өзүн саякатчыдай алып жүргөн.

Видео NBC News телеканалынын YouTube каналына жүктөлгөн.

Шри-Ланканын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шри-Ланкада кайрадан үч жардыруу болду. Курмандыктар бар экени айтылууда
Кадрларда 21-апрелде Шри-Ланкадагы Colombo"s Kingsbury отелинде болгон жардыруу көрсөтүлгөн.

Өткөн жумада Шри-Ланкада катары менен жарылуу болуп, 300дөн ашуун киши каза тапты. Бул жардырууларды "Ислам мамлекети" террордук уюму жасаганын моюнга алган

Жума күнү, 26-апрелде, Калмунай шаарында дагы үч жардыруу болгон. Мындан улам полиция аралдын чыгышына коменданттык саат жарыялаган.

Өлкөнүн президенти Майтрипала Сирисенанын билдиргенине караганда, аралда аталган уюмдун 130-140 мүчөсү иш алып барат. Тергөөнүн маалыматы боюнча, жардырууну 10 жанкечти уюштурган, учурда сегизинин өздүгү такталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0