Неймар оюндан утулгандан кийин күйөрманын муштап жиберди. Видео

1043
Окуя "Стад де Франс" стадионунда жеңүүчүлөрдү сыйлоо учурунда болгон. Анда Неймардын "Пари Сен-Жермен" клубу пенальти эсеби менен "Реннага" утулуп калган.

Видео YouTube каналына жүктөлдү.

Анда Неймар күйөрманды бир муштап, андан ары тепкич менен көтөрүлүп кеткенин көрүүгө болот. "Известия" гезитинин жазганына караганда, Неймар аны тартмакчы болгон кишинин камерасын жаап, тартпай эле коюусун талап кылган. Андан кийин алар кайым айтыша кетишкен. 

Оюндун негизги жана кошумча бөлүгү 2:2 эсеби менен аяктаган. Андан соң пенальти жарыяланып, "Пари Сен-Жермен" 5:6 эсебинде утулуп калган.

1043
Белгилер:
камера, жеңиш, футбол, Неймар да Сильва
Тема боюнча
Футболист Неймардай тоголонгон чычкан интернет колдонуучуларын күлкүгө салды