Уран чуусу: Балыкчыда митингге чыккандар эртең Бишкекте чогулмай болду. Видео

Жазылуу
Бүгүн, 29-апрелде, Балыкчы шаарында активисттер уран кенин иштетүүгө каршы митингге чыкты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын жергиликтүү кабарчысы билдирип, маалыматты Балыкчы мэриясынан тастыкташты.

Нааразычылык акциясына 400гө чукул адам чыккан. Алардын негизги максаты — Кыргызстанда уран казууну биротоло токтотуу.

Маалыматка караганда, митингге чыккандар бир нече күн мурда Бишкекке чейин келүүнү көздөп, Балыкчы мэриясына кат жолдошкон. Бирок шаар жетекчилиги мындай жүрүшкө уруксат берген эмес.

Митингчилер алдын ала маалымат бергенин шаар мэриясынын аппарат жетекчиси Тилек Курманалиев дагы тастыктады.

"Бул акция тууралуу күн мурун айтылган. Бүгүн саат 10.00дөн 12.00гө чейин мэриянын алдына 400дөй адам чогулду. Ал жерде башка иш-чара белгиленгенине байланыштуу мен эл алдына чыгып, тарап кетүүсүн өтүндүм. Митингчилер ызы-чуусу жок тарап кетишти", — деди Курманалиев.

Андан соң чогулган эл мэриянын имаратынан шаардык автобекетке чейин жөө басып келишти.

Кабарчынын айтымында, митингге бир гана ысыккөлдүктөр эмес, Нарын облусунан жана Чүйдүн Кемин районунан дагы жарандар келген.

"Митингчилер эртең Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтына чогулабыз деген чечимге келди", — деди кабарчы.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Уран лицензиясын Бороновдун сөзүнөн кийин эки күн өткөрүп кайтарып алышты
Эске салсак, буга чейин UrAsia in Kyrgyzstan компаниясынын Ысык-Көлдүн Тоӊ районунун жана Нарындын Кочкор районунун аймагына кирген Кызыл-Омпол тоосундагы уран-торианит чачылмаларын иштетүүгө берилген лицензиясы боюнча коомчулукта нааразычылык пайда болгон. Социалдык тармактарда элди уран кенин иштетүүгө каршы үгүттөгөн бир нече аудио, видео билдирүүлөр тараган. Ошондой эле аталган маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

26-апрель күнү Жогорку Кеңештин имаратынын алдында уран казууну Ысык-Көлдө эле эмес, жалпы Кыргызстандын аймагында токтотууну талап кылган митинг өткөн

Жаңылыктар түрмөгү
0