Чынжырдан бошоном деген пил элдин көз алдында өлүп калды. Видео

Жазылуу
Күбөлөр чынжырга байланган пил бошонуу аракетин жасап жатып жерге кулаганын видеого тартып алган.

Индияда параддарга катышып жүрүп Дрона деген ат менен таанылган пил өлгөнүн Daily Mail жазды.

Кадрдан көрүнүп тургандай, чынжырга тушалган 37 жаштагы пил бошонууга абдан аракет жасаган. Бирок бир маалда жерге кулап өлүп калган. Видео интернет айдыңына тарап кетип, элдин нааразычылыгын жаратты.

Лагердин кызматкерлеринин айтымында, 26-апрелде пилдин жүрөгү кармап өлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0