Жалал-Абад: бус менен май куйган унаа талкаланып кеткен. Кырсыктан кийинки видео

Жазылуу
Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай аймагында Бишкекти көздөй келе жаткан бус май куйган унаа менен кагышып кеткен. Андан соң эки машина тең талкаланып калган.

Кырсык 30-апрелде Бишкек — Ош жолунун 473-чакырымында эртең менен болгон. Mercedes-Benz 711 (Гигант) менен май тартып келе жаткан машина кагышкан.

ДТП в Кыргызстане  - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте сүзүшкөн унаалардын бири тротуарга чыгып кетти. Күбөнүн сүрөтү
Окурман Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp каналына кырсыктан кийинки көрүнүштү тартып жиберген. Анда жүк ташуучу унаанын талкаланып, бир нечеге бөлүнүп кеткендигин көрүүгө болот. Жолдо бустан түшкөн ар кыл буюмдар менен мүшөктөрдү көрүүгө болот.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча Жалал-Абад облустук башкармалыгынын маалыматына караганда, бустун ичиндеги төрт жүргүнчүнүн бири каза тапкан. Автоунаалардын ичиндеги жабыркаган үч жүргүнчү менен эки айдоочу ооруканага жеткирилди. Май ташыган унаанын рулунда бараткан кишинин абалы оор экендиги айтылды.

Эгер кандайдыр бир кызыктуу окуяларга туш болуп калсаңыз тарткан сүрөт, видеолорду биздин +996 706 566 544 WhatsApp же Telegram номери аркылуу билдирсеңиз болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0