Ээрчишкен эне-бала киттин океандагы аянычтуу тагдыры. Ичиркенткен видео

2477
Калифорния штатынын Монтерей куймасында дрон беш косатка баласы менен жүргөн китке кол салганын тартып алган.

Mercury News басылмасынын жазганына караганда, киттер Алясканын суусуна бара жатып капканга түшкөн.

"Жазгы миграциянын маалында киттер Мексикадан Аляскага жай которушат. Бул узакка созулган саякаттын эң кооптуу бөлүгү. Анткени бул аймакты косаткалар көп байырлайт", — деген деңиз биологу Нэнси Блэк.

Маалыматта киттер менен косаткалардын салгылашы төрт саатка созулган. Натыйжада акыркылары эки китти өлтүрүп тынышкан.

2477
Белгилер:
кол салуу, кит
Тема боюнча
Балык эмес, кит эмес... Жаңы Зеландиядагы белгисиз жандык тартылган видео

Жарылуу болгон Бейруттан көрсөтүлгөн түз эфир

721
(жаңыланган 19:29 05.08.2020)
Ливандын борбору Бейрутта кечээки жарылуудан бери адамдарды издөө жана куткаруу иштери уланууда. Соңку маалыматтарга ылайык, жарылуудан каза болгондордун саны 70тен ашты.

Катуу жарылуу шейшемби күнү кечинде Бейруттагы порттун аймагында катталган.

Шаардагы имараттар жабыркаган, жаракат алгандардын көптүгүнөн улам ооруканалар толуп кеткен. Төрт миңден ашуун киши жарадар болду.

Үрөй учурган жарылуу болгон жерден алынган 14 сүрөт. Бейруттагы трагедия

Ливандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, төрт миңден ашык адам түрдүү жаракаттарды алышкан. Жарылуунун эпкини окуя болгон жерден бир канча чакырым радиус аралыктагы үйлөрдүн терезелерин да талкалаган. Иорданиянын сейсмологиялык обсерваториясы Бейруттагы жарылуу 4,5 баллдык жер силкинүүгө барабар болгонун аныктаган.

721
Белгилер:
өлүм, кырсык, жарадар, куткаруу, жарылуу, Бейрут, Ливан
Тема:
Бейруттагы жарылуу
Тема боюнча
Күнөөлүүнү таап чыгам! Ливандын премьери Бейруттагы жарылуу боюнча үн катты
Бейруттагы жарылуу: Жээнбеков Ливан президентине көңүл айтты

Жүрөктү титиретет! Бейруттагы  катуу жарылуунун видеосу 

15683
(жаңыланган 23:07 04.08.2020)
Кызыл крест коомунан билдиргендей, сынган айнектерден жараат алгандар көп. Үйлөр талкалангандыктан, адамдар уранды алдында калышы мүмкүн.

Ливандын борбору аталган Бейрут шаарындагы порттун жанында катуу жарылуу болду. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

RT каналы ал жактан орус тилинде түз алып берүүдө.

Видеодон көрүнүп тургандай, алгач кичирээк жарылуу болгон. Андан кийин беш мүнөткө жетпей кара, ак түтүн асманды каптап, кийин кызыл түтүн чыккан.

Маалым болгондой, жарылуу бир топ үйдү талкалаган. РИА Новостиге Кызыл крест коомунун кызматкери билдиргендей, адамдар уранды алдында калышы мүмкүн.

15683
Белгилер:
түтүн, үй, видео, жарылуу, Ливан
Тема:
Бейруттагы жарылуу
Тема боюнча
Жалын чачырап! Ош шаарындагы кафенин өрттөнүп жаткан видеосу
Кыргыз Республикасынын желеги. Архивное фото

Кыргызстандын туусу тартылган ажаткана каражаттары онлайн-сатыкка чыкты

0
(жаңыланган 19:00 06.08.2020)
Жарнамада сатуучулар Кыргызстандын мамлекеттик туусунун сүрөтү тартылган ажаткана, ванна каражаттарынын үч аксессуар топтомун сунуш кылышууда.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Бир катар электрондук коммерциялык аянтчаларда Кыргызстандын мамлекеттик желеги тартылган килемче, ванна жана ажаткана каражаты сатыкка чыгарылды.

Орунсуз жерге КРдин мамлекеттик символикасы камтылган жарнаманы Sputnik Кыргызстан редакциясына окурмандар жиберди. Алар популярдуу америкалык интернет дүкөндөрдүн жана соода тармактардын сайттарына жайгаштырылган. Жарнамада сатуучулар Кыргызстандын мамлекеттик туусунун сүрөтү тартылган ажаткана, ванна каражаттарынын үч аксессуар топтомун сунуш кылышууда.

Коврик и крышка унитаза с государственной символикой КР продаваемая на платформе электронной коммерции
скриншот с сайта walmart.ca
Бир катар электрондук коммерциялык аянтчаларда Кыргызстандын мамлекеттик желеги тартылган килемче, ванна жана ажаткана каражаты сатыкка чыгарылды

Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги окуя боюнча үн катып, жосунсуз жорук экенин белгиледи.

"Бизде желектер тартылган футболкаларды, баш кийимдерди кийишет, айрымдар кийимдин ар кайсы бөлүктөрүнө символ коюшат. Бирок бул сатуучулар сунуштаган нерсе моралдык жактан туура эмес деп ойлойм", — дейт министр Азамат Жаманкулов.

Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 175-беренесине ("Мамлекеттик символдорду мазактоо") ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гербин, мамлекеттик туусун же мамлекеттик гимнин мазактоо, I категориядагы айып пул (20-30 миң сом) же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга (40-60 саат) тартуу түрүндөгү жазага алып келери айтылат.

Электрондук коммерциялык аянтчаларда башка мамлекеттердин да желек, туусу сатыкта турат.

Катуу шамалдан улам "Ала-Тоо" аянтындагы желек тытылып кетти. Сүрөт

Эске салсак, 2019-жылы Бишкекте пенсиядагы айым компаниялардын биринин жанындагы аймакты тазалап жатканда желектин сүрөтүн ленталарга салып, аларды автоунаа токтоочу жайдын тосмосу катары кызмат кылган кабель менен байлап койгону үчүн айыптаган.

0
Белгилер:
дүкөн, интернет, Америка, жорук-жосун, Символ, желек, Кыргызстан
Тема боюнча
Оренбургдан 20 автобус кыргызстандык келди