8 жашар бала кылмышкерден өзүн жана эжесин сактап калды. Видео

Жазылуу
Жеткинчектер белгисиз адамдар уурдай качкан унаадан түшүп калышкан.

FOX 11 басылмасынын маалыматына караганда, окуя 25-апрель күнү болду. Улгайган аял ооруканага келип, унааны өчүрбөгөн бойдон имаратка кирип кеткен. Бир нече мүнөттөн кийин 24 жаштагы Дэлвир Сингх аттуу жаран рулга отура калып, автону айдап жөнөгөн.

Ошол маалда арткы орундукта бир туугандар отурган. Бала эшикти ачып туруп алгач эжесин түртүп түшүрүп, кийин өзү дагы чыгып кетти. Балдар жабыркаган эмес, ал эми ууру тез эле колго түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0