Петербургда мекендештерин уурдаган деп эки кыргызстандык кармалды. Видео

Жазылуу
Экөө тең уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары министрликтин каттоосунда турган.

Санкт-Петербург шаарында өз мекендештерин опузалап тоноп жүргөн деп шектелип, Кыргызстандын эки жараны кармалды. Бул туралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

КР Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө көптөн бери бир эле улуттун өкүлдөрүнөн турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кыргыз жарандарына карата мыйзамсыз аракеттерди жасап жатканы боюнча маалымат түшүп турган.

Задержание подозреваемых в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Эки кытай жаранын мыкаачылык менен өлтүргөн кыргызстандык Петербургдан кармалды
Билдирмеге караганда, ал топ узак убакыттан бери жарандарды тоноп, адам уурдап, алардын туугандарын коркутуп-үркүтүү менен алектенип келген.

Жабыркагандар Россиянын укук коргоо органдарына кайрылган эмес. Ошондуктан кылмыш кылган кишилер жазага тартылбай калган.

Бир нече булактан маалымат алган соң КР ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери анын чын-төгүнүн текшерүү үчүн Санкт-Петербург шаарына барган.

"Маалымат тыстыкталып, КРдин Жазыктар кодексинин 126-беренеси ("Адам уурдоо") боюнча кылмыш иши козголгон", — деп айтылат билдирүүдө.

29-апрель күнү Россия менен Кыргызстандын укук коргоочулары батирлердин биринен эки кыргызстандыкты колго түшүрдү.

Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мекенинде теракт жасоо үчүн Сириядан келген кыргызстандык кармалды
Алардын бири 37 жаштагы Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну. ИИМдин маалыматына караганда, ал Санкт-Петербург шаары жана Ленинград облусу боюнча "смотрящий". Экинчиси 32 жашта. Ош облусунун Алай районунун тургуну, криминал дүйнөсүнүн өкүлү.

Экөө тең уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары министрликтин каттоосунда турган.

30-апрель күнү кармалгандар эки айга убактылуу кармоо жайына киргизилип, учурда алардан жабыркагандардын саны такталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0