Сындагандын баары фейк, өкүнбөйм. Кара-Сууга барган депутаттардын пикири видеодо

Жазылуу
"Бизди социалдык тармакта 200дөй фейк сындап жатат". "Ооба, Райым Матраимов менен учураштык. Ал жакка барганыма өкүнбөйм". "Мен өкүнүп турам". "Вице-премьер Кубатбек Боронов отставкага кетиши керек". Коомчулуктун сынын уккан депутаттардын пикири ушундай.

Матраимовдордун райондук деңгээлдеги иш-чарасына бийлик төбөлдөрүнүн жоон тобунун барышы коомчулукту дүрбөлөңгө салып, нааразычылыкты жаратты. Айрым депутаттардын ошол Райым Матраимов менен катарлаш отурган сүрөтү да тараган.

"Элдин сын-пикирин кандай кабыл алдыңар?" деген суроо менен депутаттарга микрофон сундук.

Спикер Жогорку Кенеша Дастан Джумабеков - Sputnik Кыргызстан
Жакшы иш-чара болду! Төрага Матраимовдордун турнирине барганы боюнча үн катты
Иш-чарага катышкан эл өкүлү Тазабек Икрамов муну саясатташтыруунун кажети жоктугун айтып, аларды социалдык тармакта фейк-баракчалар сындап жатат деп эсептейт.

"Ар ким ар кандай сын айта берет. Бирок биз кесиптешибизге бардык. Иш-чара жакшы өттү. 100-200 адам жанагындай фейк-баракчасы аркылуу ар нерсени айтышы мүмкүн. Муну саясатташтырууга эч кандай кажет жок. Ошондой 100-200 фейк бар, өздөрү эки адамдын башын бириктирип чай бере албайт. Анан мындай ызы-чуу кыла бергендин кереги жок го дейм", — деп жооп берди Икрамов.

Ал эми Алмазбек Токторов Искендер Матраимов жакын досу экенин айтып, чакыруудан баш тарта албай турганын билдирди.

"Искендер менен институтту бүткөндөн бери доспуз. Атасын жакшы тааныйм. Үйүнө барып катташып турар элек. Ал киши дүйнөдөн өтүп кетти. Райым Матраимов менен да учурашып сүйлөштүм. Баргандын эмнеси туура эмес? Бизди баштык карматып ар кандай кылып чыгарып жатканын туура эмес деп эсептейм. Каралай берген болмок беле", — деп нааразы болду депутат.

Дагы бир депутат Руслан Казакбаев ал иш-чарага барып келгенине өкүнбөй турганын айтты.

Портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар Матраимовдун турнирине жабыла барган себебин айтышты
"Бул иш-чараны кесиптешим Искендер Матраимов үй-бүлөсү менен өткөрүп атыптыр. Муну алар болбосо, башкалар жасамак. 1-май майрамында 400 миң жаран жашап жаткан Кара-Сууга барып эл менен жолугуп, ардагерлерди куттуктап келгениме мен эч качан өкүнбөйм. Райым Матраимовду көрдүм, баарыбыз эле аны менен учурашып жаттык... Үй-бүлөсү менен жүрдү да. Бирок өзгөчө сүйлөшүү болгон жок", — деди Казакбаев.

Ал эми "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов тескерисинче, барганына өкүнүп турганын айтууда. Ошол эле учурда элдин сынын чыдап көтөрүүгө аргасыз экенин билдирди.

"Мен кесиптешибиз Искендер Матраимовдун чакыруусу менен баргам. Райым Матраимов менен эч кандай мамилем жок. Аны менен мамиле түзгөндөрдү, досторун башка жактан издеш керек. Коомчулуктагы чоң талкууну түшүнүү менен кабыл алам", — деди Шыкмаматов.

Бул иш-чарага депутаттардан сырткары биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов жана өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Жалал-Абад облусунун башчысы Кыянбек Сатыбалдиев да катышкан.

Боронов бул боюнча суроо узаткан журналисттерге толук жооп берүүдөн баш тартып кетип калды.

Бывший спикер Жогорку Кенеша Ахматбек Келдибеков - Sputnik Кыргызстан
"Райым ата..." Келдибеков Матраимовдун иш-чарасында күлкүгө калды. Видео
Эл өкүлү Рыскелди Момбеков жада калса Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине да мынчалык чоң делегация барбаганын айтып, бул көрүнүшкө таң калып жатканын айтты.

"Жеке менчик тойго жетелешип барышканы Жогорку Кеңешке да, өкмөткө да аброй алып келген жок. Коомдук пикир ушунчалык козголуп жатат. Анткени Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына да мынчалык чоң делегация барган эмес. Кайсы бир депутаттын аброюн Айтматовдун аброюнан жогору койбош керек болчу. Бул адабият, тарых алдында кечирилигис күнөө болду", — деди депутат.

Ошондой эле ал Боронов туура эмес учурда туура эмес жерге барып алганын мойнуна алып отставкага кетиши керектигин белгиледи.

"Вице-премьер "мен туура эмес кылдым, моралдык жоопкерчиликти мойнума алам" деп кызматтан кетиши керек. Башка өлкөлөрдө саясий маданияттуулуктун аныктамасы ушундай. Жок дегенде сөгүш алып, элден кечирим сурашы керек болчу. Ошону айта албай жатат", — деди Момбеков.

Матраимовдордун иш-чарасына төрага Дастан Жумабеков да барган. Ал мандай иш-чарага барууга мыйзам тыюу салбай турганын белгилеп, барбай коюшка жүйөлүү себеп жок экенин айтууда.

Чуунун төркүнү эмнеде?

Бир тууган Матраимовдор 1-май күнү Кара-Суу районунда Жеңиш күнүнө жана атасы Исмаил Матраимовдун жаркын элесине арнап волейбол жана мини футбол боюнча турнир өткөргөн. Ага биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов баштаган өкмөт мүчөлөрү жана төрага Дастан Жумабеков баш болгон депутаттардын жоон тобу катышкан. Айрым депутаттардын Райым Матраимов менен катарлаш отурган сүрөтү да тараган. Райондук бир иш-чарага бийлик төбөлдөрүнүн жоон тобунун барышы коомчулукту дүрбөлөңгө салып, нааразычылыктарды жаратты.

Депутаты на заседании Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Тойдун эртесиби?.. ЖКнын бүгүнкү жыйынында 30га жетпеген депутат отурат. Видео
Матраимовдордун бири — Райым Матраимов учурда өкмөт менен соттошуп жатат. Аны 2017-жылы ноябрда ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков "ишенимден чыкты" деген жүйө менен кызматтан кетирген. Исаков премьерликтен кеткенден кийин Матраимов негизсиз иштен алынганын айтып, өкмөттү сотко берип, мурдагы кызматына турууну суранып, аны райондук жана шаардык сот канааттандырган. Ал эми өкмөт Жогорку сотко кайрыларын же анын кызматка келишине макулдугун берүү боюнча пикирин айта элек.

Мындан сырткары, ушул жылдын январынан тарта Финансы полициясы Матраимовдун мүлкүн текшере баштаган. Азырынча анын жыйынтыгы жарыялана элек. Айтмакчы, Райым Матраимовдун бир тууганы Исламбек Матраимов ошол эле Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын алдындагы Коопсуздук жана ички иликтөө башкармалыгынын начальниги болуп иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0