Кытайдагы сынакта бийлеген арабадагы Адинай калыстарды суктандырды. Видео

Жазылуу
Кыргызстандык бийчи Атай Өмүрзаков "Тотем шоу" деп аталган жаңы бий тобу менен Кытайда өткөн World's Got Talent шоусуна катышкан. Номер калыстардын купулуна толуп, алар топтун мүчөсү Адинайга бир катар суроолорду узатышкан.

Өткөн дем алышта сынактын чейрек финалында бийчилер шамдагай карыялар жөнүндө номер аткарышкан. Сценарий боюнча улгайган адамдар окумуштуулар ойлоп тапкан эликсирди ичип алып, жашарып кетет дагы, бийлеп башташат. Адинай кемпирдин ролун аткарган.

"Бий мен үчүн чоң мааниге ээ. Бийдин аркасы менен көп нерсеге жеттим. Көп кыйынчылыктарды басып өттүм. Өзүмө ишендим, ата-энем дагы ишенди. Мына эми, учурда бул жакта (Кытайда — ред.) жүрөм. Биз бир нерсеге каалооң, сүйүүң болсо, кыялдардын ишке ашуусуна кыйынчылыктар тоскоол боло албайт дегенди көргөзгүбүз келет", — деп жооп берген Адинай.

Атай Өмүрзаков өзүнүн Facebook баракчасына жазганына караганда, топ сынактын жарым финалына өттү.

"Тотем шоу" тобу "Үмүт-Надежда" балдар борборунан чыккан "Тумар" тобу менен биргеликте түзүлдү. Жетекчиси — Атай Өмүрзаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0