CNN телеканалы билдиргендей, аттракцион Вон шаарындагы Онтарио провинциясынын Canada"s Wonderland көңүл ачуу паркына курулган.
Аттракцион саатына 137 чакырым ылдамдык менен жүрүп, 75 метр бийиктиктен ылдый "кулайт". Вагон 3 мүнөт 25 секундга чейин токтобойт.
Аттракционго отурган алгачкы коноктор аны "эң коркунучтуу" деп айтышты. Жалпы узундугу 1104 метрди түзөт.
Эки күндөн бери Еревандагы "Эркиндик" аянтында чатырлар тигилип турат: нааразылыкка чыккандар парламенттин имаратынын алдына түнөштү. Азыркы бийликтин саясатына ичи чыкпагандардын нааразылык толкуну Пашиняндын россиялык "Искандерлер" боюнча айтканынан соң күчөп, чегине жетти. Ыкчам-тактикалык комплекстер боюнча сөз армян коомчулугун эмне үчүн экиге бөлдү? Тоолуу Карабахта негизи "Искандерлер" колдонулду беле?
Артиллерияны колдонуп, көчкүнү мажбурлап түшүрүү иштери Ала-Бел ашуусунда жасалды. Бул саат 10:55тен 11:30га чейин созулган. Натыйжада төмөнкү бөлүккө жалпысынан 19 720 куб метр, анын ичинен эл каттаган жолго 3320 куб метр көчкү түшкөн.
Маалыматта жол саат 12:35те толук тазаланып, ачылганы айтылды.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Киевде спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Украинанын чыгаан балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдештин финалына чыкты. Жарым финалда ал өзбекстандык спортчу Раяна Абдурасулованы 10:0 эсебинде техникалык артыкчылык менен утуп алды.
Тыныбекова эртең алтын байге үчүн украиналык Илона Прокопевнюк менен беттешет.
Кыргызстандык балбан квалификациялык этапта Мариана Састинди (Венгрия), 1/8 финалда алжирлик Амэль Хаммичени 11:0 эсебинде утса, чейрек финалдагы атаандашы Наталья Кубатыны (Польша) далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздаган.