Жаалданган бука матадор аялдын баш сөөгүн сындыра сүзгөн видео

241
Бактыга жараша, аял тирүү калган. Эми ал коррида оюнунан эс алууну чечти.

Мексикада салмагы жарым тонна болгон бука чуркап келип, 32 жаштагы матадор Хильда Тенориону тосмого жабыштыра сүзүп кеткен. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Видеодо аял матадор бука жакындаганда жерге тизелеп отуруп, күлгүн кызыл чүпүрөктү тосконун көрүүгө болот.

Хильданы оюн талаасынан дароо алып чыгып, биринчи жардам көрсөтүп, ооруканага жеткиришкен. Анын жаагы менен көзүнүн чарасы сынып кеткени айтылды. Операциядан кийин ал социалдык баракчасы аркылуу күйөрмандарына кайрылып, абалы жакшы экенин билдирген.

Мексиканын жергиликтүү ЖМКлары Хильда жарым жылдай корридадан эс ала турганын жазышты.

241
Белгилер:
видео, Мексика, коррида, бука
Тема боюнча
Топтой эле учту го! Бразилияда бука ковбойду ыргыта сүзгөн видео
Каарданган бука топ адамды тебелеп кетти. Индиядагы жүрөк түшүргөн видео