Бишкекте троллейбустун каршы тилке менен жүргөн видеосу

Жазылуу
Троллейбус каршы тилкеге чыга калып BMW үлгүсүндөгү унааны ашып өткөн да, анын алдына туруп алган.

Бишкекте №5 троллейбустун айдоочусу каршы тилке менен айдап, жол эрежесин бузду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына окурман билдирип, окуянын видеосун "Бишкек сегодня" Telegram каналына жөнөттү.

Автомобильный затор в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
"Коопсуз шаардын" камералары "чоңдордун" унааларын каттабай коебу? Расмий жооп
Кадрдан көрүнүп тургандай, Горький көчөсү менен бара жаткан троллейбус каршы тилкеге чыга калып BMW үлгүсүндөгү унааны ашып өтүп, анын алдына туруп алган. Андан соң BMW дагы каршы тилкеге чыга калып, троллейбусту ашып өткөн.

Күбөнүн айтымында, видео шейшемби күнү, 7-майда, саат 10:00дө тартылган.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы эреже бузуу фактысы каралып жатканын, кийинчерээк чара көрүлөрүн билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0