Борбор калаада Matiz жолтандабаска урунуп оодарылып калды. Видео

Жазылуу
Жол кырсыгы шейшемби күнү, 7-майда, саат 10:45те Фрунзе менен Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Бишкекте Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү унаа Daewoo Matiz автосун коюп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына күбө билдирип, видеосун WhatsApp каналына жиберди.

Окуя 7-майда саат 10:45те Фрунзе менен Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Бишкектин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жол кырсыгы болгонун тастыктады.

"Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү унаа Фрунзе көчөсү менен батышты көздөй бара жатып, Темиркул Үмөталиев атындагы көчө менен кесилишкен жерде жеңил унаа менен кагышкан", — дешти милициядан.

Окуянын кесепетинен жаракат алган Daewoo Matiz автосунун айдоочусу ооруканага жеткирилди. Факты Кылмыштар жана жоруктар жөнүндөгү реестрге каттоого алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0