Чоң атасынын сүрөтүн көтөрүп, миңдеген элди баштап баскан Жээнбеков. Видео

Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-майда, Бишкек шаарында өткөн "Өлбөс полк" жүрүшүнө катышты.

Мамлекет башчы жүрүшкө чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун портретин көтөрүп чыкты. Ал эми анын жанында баскан жигит Жээнбековдун атасынын бир туугандары Токтомамат Жээнбеков менен Эрмамат Жээнбековдун сүрөтүн көтөрүп чыкты.

"Бүгүнкү 9-май — Улуу Жеңиш күнү ар бирибиз үчүн ыйык күн. Биздин келечек үчүн өмүрүн арнаган аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын элесине таазим этебиз. Бүгүнкү биздин жүрүшүбүз — алардын өлбөс-өчпөс эрдигине арналат. Алардын эрдиги эч качан унутулбайт, кийинки муундардын да жүрөгүндө сакталат. Дүйнөдө тынчтык, элибизде ынтымак, аманчылык болсун!" — деп белгиледи президент.

Эскерте кетсек, Жээнбеков былтыр да "Өлбөс полк" жүрүшүнө катышкан. Анда чоң атасы эки уулу менен согушка кетип, өзү дайынсыз жоголгонун, ал эми балдары жарадар болуп кайтып келгенин айткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0