Кытайда мотоциклчен киши эстакадалык жолдон кулап кетти. Жүрөк түшүргөн видео

Жазылуу
Мотоцикл айдаган киши тосмону сүзүп, трассадан учуп кеткен. Окуя видеого түшүп калган.

Кайгылуу окуя 7-май күнү Шанхай шаарында болгон. Видеодо көрүнүп тургандай, мотоциклчен адам тосмону сүзүп, эстакадалык жолдон кулап түшкөн. Ал эми мотоцикл трассада калган. CGTN телеканалынын маалыматына ылайык, эркек киши кырсык болгон жерден мүрт кеткен.

Кытай ЖМКларынын жазганына караганда, Шанхайда мыйзам боюнча мотоциклчендерге эстакадалык трасса аркылуу жүрүүгө тыюу салынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0