Жулуп чыгып ыргытканда. "Достукка" жеңиш алып келген салымдын видеосу

Жазылуу
Эки күчтүү команданын финалдагы оюну элдин бүйүрүн кызытты. Улагы тай казанга жетпей түшүп калып, өзү аттан кулап, атаандашынын колунан жулуп кетип, аябай катуу тирешишти. Эсеп 1:0 менен жыйынтыкталат деп эч ким күтпөсө керек эле.

Чолпон-Атада Жеңиш күнүнө карата өткөрүлгөн көк бөрү турниринде Ош облусунун "Достук" командасы Таластын "Ынтымагын" утуп алды. Тиреш катуу болгондуктан үчүнчү таймга чейин эсеп саны ачылган жок. Оюн бүтөрүнө 6 мүнөт калганда Таши Майлыбашев салым жасап "Достук" командасына жеңиш алып келди. Беттештин видеосун КТРК Спорт каналы Youtube баракчасына жайгаштырды.

Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан республикалык көк бөрү мелдеши - Sputnik Кыргызстан
Көк бөрүдө чырдашкан Манас Ниязов менен Нурбек Юсупов элдешти
Оюндун биринчи бөлүгүндө эки команда тең бири-бирине катуу каршылык көрсөтүп, тай казанга улак салууга мүмкүнчүлүк бербеди.

Экинчи таймда "Достук" көбүрөөк чабуулга чыга баштады. Бирок "Ынтымак" да моюн берген жок. Тең ата оюн көргөзүп, кыл чайнашкан беттеш орун алды. Мындай катуу кармашта эч кимге улак салууга жол ачылган жок.
Үчүнчү бөлүк дагы ушундай чыңалуу менен жүрүп жаткан. 14-мүнөткө келгенде "Достуктун" капитаны Таши Майлыбашев озуп чыгып, салым жасады. Андан кийин эсеп саны өзгөрбөй 1:0 эсеби менен Оштун командасы жеңишке жетти.

Жеңиш күнүнө жана Сүймөнкул Чокморов менен Үсөн Кудайбергеновдун элесине арналган ат оюндары 4-майда башталып, Чолпон-Атадагы ипподромдо өттү. Көк бөрү турнири Биринчи жана Жогорку лига болуп эки топко бөлүнгөн.

Алдыңкы орунга жетишкендер төмөндөгүдөй сыйланды:

Жогорку лигада 6 команда ойноду:

1-орун, "Достук" — 500 миң сом;

2-орун, "Ынтымак" — 250 миң сом;

3-орун, "Сары-Өзөн" — 120 миң сом.

Мыкты оюнчу Султан Русланов, "Достук" — 10 миң сом;

Мыкты аргымак "Геркулес", "Ынтымак" — 10 миң сом.

Биринчи лигада 16 команда ойноду:

1-орун, "Көл-Төр" — 100 миң сом;

2-орун, "Кара-Бура" — 50 миң сом;

3-орун, "Алкан-Ата" — 40 миң сом;

Мыкты оюнчу Жанат Курманбек уулу, "Көл-Төр" — 5 миң сом;

Мыкты ат "Кусейин көк", "Кара-Буура" — 5 миң сом.

"Достук" менен "Ынтымак" командалары күчтүү атаандаштар, дайыма республикалык турнирлердин финалында беттешишет. Жеңиш эки тарапка тең ооп турат. Алсак, былтыр дагы 9-майдагы мелдеште "Достук" жеңип алса, Нооруз майрамындагы оюнда "Ынтымак" утуп кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0