Тапанча такап коркутуп... Нур-Султандагы дүкөндү карактаган кишинин видеосу

610
Каракчы медициналык беткап кийип алып дүкөнгө кирген.

Кылмышкер сатуучуга пневматикалык тапанча такап, кассадагы акчаны алып кеткен. Шаардык полиция департаменти ыкчам аракеттерди көрүп, каракчыны көп узатпай эле кармаган. Ал Алматы облусунун 23 жаштагы тургуну болуп чыккан. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги полицияга таянуу менен билдирди.

Учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, "Каракчылык" беренеси боюнча айып коюлуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

610
Белгилер:
видео, дүкөн, карактоо, Казакстан
Тема боюнча
430 доллар тонолгон. Бишкек милиционерлери карактоого шектелип кармалды