Жалындап күйгөн мунай базаны кантип өчүрүп жатышат. Дрондон тартылган видео

Жазылуу
Кадрдан Жалал-Абаддагы мунай базанын бир тарабы жалындап күйүп, өрт өчүрүүчүлөр айланасын курчап суу чачып жатканын көрүүгө болот. Беш саттан бери жалынды өчүрүүгө мүмкүн болбой жатат.

Жалал-Абад шаардык мэриянын маалымат кызматы мунай базадагы өрттүн асмандан тартылган видеосун жиберди. Андан өрт өчүрүүчүлөрдүн тилсиз жоо менен кантип күрөшүп жатканы тартылган.

Өрт өчүрүү кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мунай базада чыккан өрт: эки киши күйүп, бири реанимацияга түштү
Өрт бүгүн, 10-майда, саат 10:00дөр чамасында чыккан. Азыркы тапта жеринде 10 өрт өчүрүү унаа, 2 автошаты, Жалал-Абад аэропортунун 2 техникасы менен жалынды чектөө аракети жүрүп жатат. Мындан сырткары, Ош облусунан дагы кошумча өрт өчүрүү бөлүмү жана көбүк тартылууда.

Кырсыктын кесепетинен бир өрт өчүрүүчү жана мунай базанын кызматкери жаракат алып ооруканага жеткирилген. Тегерек четинде жашаган эки миңдей тургун эвакуацияланды. Мунай базасы "Томас и Ко" компаниясына таандык. Анын жетекчилеринин бири Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Казыбек Ташиев экени белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0