Мындан ары жөн отурбайм! Райым Матраимов Алмазбек Атамбаевге кайрылган видео

Жазылуу
Райым Матраимов экс-президент Алмазбек Атамбаев анын атын каралап жатканын, эгер мындай аракеттерин токтотпосо, аны менен күрөшө турганын жар салды.

Кыргызстандын Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райым Матраимовдун экс-президент Алмазбек Атамбаевге жасаган кайрылуусу NewTV каналынын YouTube каналына жарыяланды.

Матраимов 1-май күнү атасы Исмаил Матраимовдун элесине арналган иш-чарадан кийин Атамбаевдин тарапташтары аны каралай баштаганын белгилеген.

"Алмазбек Шаршенович, азыркы президент менен болгон мамилеңиздерге мени аралаштырбоону суранам. Мага карата калпты чындай кылып каралаганыңызды токтотпосоңуз, мындан ары жөн отурбайм", — деди Матраимов.

Ал ошондой эле Атамбаев менен күрөшүүгө тийиштүү маалыматтары жана күч-кубаты жетишерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0