Бишкекте машинанын баланы уруп кеткен учуру видеого түшүп калган

Жазылуу
Жол кырсыгы 14-майда саат 18:20лар чамасында Москва менен Манас көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Окуянын видеосун "Бишкек сегодня" Telegram-тайпасынын мүчөсү жөнөттү.

Күбөнүн айтымында, машина баланы киши өтүүчү жерден коюп кеткен. Милиция жол кырсыгы болгонун ырастады.

"Бала Манас проспектисинен өтүп баратканда айдоочу коюп кеткен. Ал жол чийинден кетип бараткан. Тийиштүү экспертизалар дайындалды. Автоунаа атайын жайга токтотулду", — деп шаардык жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Видеодо жабырлануучунун кызыл жарыктан өтүп баратканын байкоого болот.

12 жаштагы бала түрдүү жаракаттарды алып, ооруканага жеткирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0