Туу көтөрүп автобусту коштогон жоокерлер. Алгачкы туристтерди тосуп алгандагы видео

1676
(жаңыланган 12:26 15.05.2019)
"Кара жорго" бийлеген туристтер, автобусту коштогон күлүктөр, англисче сүйлөгөн жетекчи... Жаңы сезондогу алгачкы туристтерди тосуп алган учурдагы видеону Маданият, маалымат жана туризм министрлиги таратты.

Ысык-Көлдүн пляжы. Архивдик сүрөт
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Өткөн аптада "Манас" эл аралык аэропортунда жайкы сезон башталгандан бери биринчи болуп келген туристтерди министр Азамат Жаманкулов менен орун басары Максат Дамир уулу тосуп алган.

Кадрларда туристтер кымча бел бийчи кыздар менен бирге "Кара жорго" бийин бийлеп жаткан учурду көрүүгө болот.

Видеодогу көз жоосун алган ирмемдер — туристтерди салган автобус аба майдандан чыгып, шаарды көздөй бара жаткан мезгил. Анда автобусту күлүк минип, туу көтөргөн жигиттер коштоп келе жатат.

1676
Белгилер:
бий, видео, сезон, туризм, Азамат Жаманкулов, Кыргызстан
Тема боюнча
Өлкөнүн туристтик урааны тандалып, 5000 доллар ээсин тапты