Багы бар экен! Кытайда 14-кабаттан кулап кете жаздаган баланын видеосу

305
Өспүрүм ата-энесин издеген.

Кытайдын Суцянь шаарында жаш бала 14-кабаттын балконунун кырына туруп калып, аз жерден кулап кете жаздаган. Окуянын видеосу Daily Mail басылмасынын сайтына жарыяланды.

ЖМК маалыматтарына ылайык, бала үйүндө жалгыз калып, ата-энесин издеп балкондун кырына чыгып кеткен.

Күбөлөр окуя тууралуу полицияга жана баланын ата-энесине чалышкан. Алар дароо келип, уулун аман алып калганга үлгүрүшкөн.

305
Белгилер:
көп кабаттуу үй, бала, Кытай
Тема боюнча
Бишкекте 6-кабаттан секирген кызды милиционерлер тосуп алды. Видео

Эки айда үч жолу... РФ истребителдери АКШнын чалгынчы учактарын Сирияга жолотпойт

289
Россиянын истребителдери Сириянын жээгине жакындоого аракет кылган АКШнын Poseidon P-8A чалгынчы учагынын жолун тосту.

Бул окуядан кийин АКШ командачылыгы Россиянын аскер-космостук күчтөрүн ээнбаштык менен кооптуу маневрларды жасап жатат деп кине койду. Алардын айтымында, россиялык истребителдер тыңчы учакка 8 метрге чейин жакын келип, маневр жасоого жолтоо болгон имиш. Чалгынчы учактын жолун бууганга 64 мүнөт кеткен.

Америкалык учактар ушуну менен Сириянын аймагында жайгашкан россиялык аскер объектилерине жакындоого акыркы эки айда эле үчүнчү ирет аракет жасап жатышат.

Өз кезегинде Россиянын Коргоо министрлиги Аскер-космостук күчтөргө таандык учактардын баары эл аралык эрежелерди катуу сактай турганын дайым эскертип келет.

289
Белгилер:
Сирия, армия, Россия, АКШ, чалгынчы, истребитель, учак
Тема боюнча
Крымда универсалдуу десанттык кеме курулат. Россиялык "Мистралдын" өзгөчөлүктөрү

Комдонуп, кулакты жапырып. Кара кулак шердин жонунан тартылган видео

195
Америкадагы зоопарктардын биринде кара кулак шердин кантип чуркагандыгын, күүлөнгөндүгүн, дегеле кыймыл аракетин бир нече сантиметр жакындыктан көрсөтүп беришти.

Адатта бул жырткычтын жанына жолоого мүмкүн эмес экендиги баарына дайын. Бул туурасында "National Geographic Россия" сайты жазды.

Кара кулак шер мышык тукумундагы жаныбарлардын эң күлүгү. Үч секунда ичинде ылдамдыгын саатына 112 чакырымга жеткире алат, тагыраагы, тез күүлөнөт. Бир секундада өзүнүн тулку боюнан 16 эсе узун аралыкка чуркоого жөндөмдүү.

Цинциннати зоопаркынын кызматкерлери кызыккандарга сейрек видеону тартуулашты. Сейрек дегендин себеби, бир нече сантиметрден туруп, ошончолук ылдамдыкта, аны менен эч ким катарлаша чуркай албайт. Мындай мүмкүн да эмес, себеби жырткыч чоочун бирөөнү жанына жакын жолотпойт.

Зоопарк кызматкерлери кара кулак шердин бел жагына GoPro камерасын орнотуп, анын бир кадамын көрүүчүлөргө тартуулады. Аны карап турган адам жаныбардын кантип даярданып, кантип күүлөнүп, анан кантип атырыла чуркап бара жаткандыгына күбө боло алат.

195
Белгилер:
кара кулак, зоопарк, ылдамдык, видео, АКШ
Тема боюнча
Иранда иттерди COVID-19ду аныктоого үйрөтүшүүдө. Кызыктуу видео
Карантинден кийин көрүшкөн кожоюн менен эшектин эмоциясы. Видео
Биометрикалык паспорт. Архивдик сүрөт

Географияны мыкты билген үй-жайсыз Кайрат паспорт алды

0
(жаңыланган 23:44 28.05.2020)
Паспорт алган жаран ал үчүн документ алуу өтө маанилүү экенин айткан. Эми ал жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Социалдык тармактарда "географияны жакшы билген үй-жайсыз адам" катары таанылган кыргызстандык Кайрат Курманалиев паспорт алды.

Анын документ алып, баарына ыраазычылык билдирген видеосу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун Instagram баракчасына жарыяланды.

Кайратты белгилүү кылган видео социалдык тармактарда бир ай мурун тараган. Аны комендатуранын кызматкерлери да жардам берүү максатында издешкен. Убакыттын өтүшү менен ал сырткы келбетине, кийингенине көңүл бура баштап, интернет колдонуучулары Алтынбек Сулайманов экөөнүн түспөлдөш экенин байкашкан. Депутат да окшоштук бар экенин моюндаган.

0
Белгилер:
депутат, селсаяк, Алтынбек Сулайманов, паспорт
Тема боюнча
Өмүр бою Өзгөндө жашаган 100 жаштагы энеге биринчи ирет паспорт берилди