Өрт өчүргөнгө чейин эле өздөрү тайгаланып, тоголонуп... Боорду эзген видео

1698
(жаңыланган 10:39 16.05.2019)
Окуя Кытайдын түндүк-чыгыш бөлүгүндөгү өрт өчүрүүчү жайлардын биринде болгон.

Камерага өрт өчүрүүчүлөр келген чакырыкка тез арада чыгам деп чуркап, биринин артынан экинчиси тайгаланып жыгылып жаткандыгын көрүүгө болот. Маалыматта пол жаңыдан гана жуулгандыктан, суу экендиги жазылган.

Интернет колдонуучулардын көбүн бул видео күлдүрсө, бир катарлары пол жуугуч туура эмес кылган деген пикирин жазган. Башкалары мындай жайда сыйгалак пол салуу туура эместигин айтышкан.

Интернет айдыңында мындай күлкү чакырган окуялар көп кездешет. Буга чейин кыздын башына асмандан капыстан кулаган каздын видеосу тараган.

1698
Белгилер:
окуя, Өрт, Кытай
Тема боюнча
Кыздын башына асмандан капыстан кулаган каздын видеосу