Панфилов паркында чыккан өрттөн кийинки көрүнүш видеодо

Жазылуу
16-майга караган түнү Бишкектин чок ортосундагы Панфилов сейил багында кафе менен кичи зоопарк өрттөндү.

Видеодон көрүнүп тургандай, имараттар толугу менен күйүп кеткен. Тилсиз жоо менен күрөшкөнү өрт өчүрүүчү төрт унаа барган.

ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсыктын кесепетинен "Живая экзотика" кичи зоопаркы, "Деревяшка" кафеси жана экзотикалык жаныбарлар күйгөн. Жалынды саат 2.03тө чектөөгө алышкан.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0