"Хочешь разборку?" Депутаттар Салымбеков менен Музуралиевдин айтышкан видеосу

Жазылуу
Бишкек шаардык кеңешинин эки депутаты турак жай-коммуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында кайым айтыша кетти.

Видеодон депутат Канатбек Музуралиев комиссиянын төрагасы Жумабек Салымбеков менен кер-мур айтышып жатканын көрүүгө болот.

Музуралиев мурдагы кесиптеши Павел Десятников депутаттардын катарында отуруп алып, сүйлөп жатканына нааразы болгон. Анткени ал өткөн айда кош жарандыгы бар деп мандатынан ажыратылган болчу. Ага болушкан Салымбеков Десятников анын жардамчысы экенин айтты.

Музуралиев ага карабай Десятниковду шаардык кеңештин аппарат кызматкерлеринин жанына барып отурушун талап кылды.

"Ал кесиптешибиз болгон, сыйлайм, бирок эмнеге биз менен бир столдо отурат? Эмнеге комиссиянын төрагасы муну карабай жатат? Ал сиздин (Салымбеков — ред.) жардамчыңыз болгон күндө деле ким кайсы жерге отурарын чечүүгө укугуңуз жок", — деп нааразы болду депутат.

Жаш баласыз, чоңоюңуз! Сулайманов менен Жумабековдун жаакташа кеткен видеосу - Sputnik Кыргызстан
Жаш баласыз, чоңоюңуз! Сулайманов менен Жумабековдун жаакташа кеткен видеосу
Салымбеков ага жооп иретинде "Разборка кылгың келип жатабы?"- деп Десятниковду депутаттар менен бир столго отургузууну чечкенин жана мэриянын кызматкерлерине суроо берүүгө укук бергенин айтты.

Бирок Музуралиев башка жакка отурсун деген сөзүнөн кайтпай, Десятников жардамчы болсо суроону өзү узатпай депутатка даярдап бериши керектигин эскертти. Ошол учурда үчөө бири-бири менен кер-мур айтыша кетишти.

Башка депутаттар аларды чырдашпоого чакырды. Ал эми Салымбеков тема боюнча сүйлөө керектигин айтканда, Музуралиев: "Мага эмес, жардымчыңызга акыл үйрөтүңүз",- деп кекетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0