Типтирүүмүн, өлө турган жөнөкөй киши эмесмин. Рысалиевдин ызаланган видеосу

Жазылуу
Депутат Зарылбек Рысалиев Жогорку Кеңештин жыйыны учурунда трибунага чыгып сүйлөп, аны суракка чакырды деген маалыматты төгүндөдү.

Социалдык тармактарда "эл өкүлү Батукаевдин иши боюнча сурак берип жатканда абалы начарлап, тергөө токтотулду" деген кабар тараган. Айрымдар аны "сурак учурунда жүрөгү кармап жыгылыптыр" деп да жазган.

"Рысалиевдин жүрөгү кармап жаман болуп жатыптыр" деген маалымат тарап жатат. Мына мен бул жерде жакшынакай эле отурам, типтирүүмүн. Суракка барган эмесмин. Жүрөгүм кармап өлүп кала турган жөнөкөй киши эмесмин, айланайындар", — деди ал.

Эл өкүлү ошондой эле тирүү экенин далилдеп жыйындар залынан отуруп-туруп же жерден түртүлүү көнүгүүсүн жасоого деле макул экенин кошумчалады.

Хочешь разборку? Депутаттар Салымбеков менен Музуралиевдин айтышкан видеосу - Sputnik Кыргызстан
"Хочешь разборку?" Депутаттар Салымбеков менен Музуралиевдин айтышкан видеосу
Белгилей кетсек, Зарылбек Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан чыгып Кыргызстандан кетип калышы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында суракка алына турганын башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген. Ошол маалда ЖАМКты Зарылбек Рысалиев, ал эми Саламаттык сактоо министрлигин Динара Сагинбаева жетектеп турган.

Жакында эле аталган иш боюнча дарыгерлер камакка алынган.

Буга чейин ИИМ Батукаевдин иши боюнча ошол кездеги саламаттык сактоо министри Динара Сагинбаеваны, ЖАМКтын кеңешчиси Калыбек Качкыналиевди кармаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0