Өзгөндө дүкөндөрдүн абийирин төккөн блогер абактан чыкты. Элдешүү видеосу

Жазылуу
Өзгөн шаарындагы дүкөндөрдү текшерип, мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү видеого тартып, YouTube каналына жүктөп келген блогер Бауржан Кадырбеков абактан чыкты. Эки тарап элдешкендиктен, кылмыш иши кыскартылган.

Эки тараптын элдешип, блогердин эркиндикке чыгууга белсенип турган видеосун Ош облустук ички иштер башкармалыгы Facebook баракчасына жарыялады. Бауржан ага колдоо көрсөткөн элге ыраазычылыгын билдирди. Мындан сырткары Ош облустук милиция кызматкерлерине да акыйкат тергеп бергени үчүн ыраазычылыгын айтты.

Таксист Анарбек уулу Чынгыз вышел на свободу - Sputnik Кыргызстан
Москвада элди койдуруп алган Чыңгыз: адам баласына абактан жаман жер жок экен
Блогер дүкөндөрдөн акча талап кылган деп Жазык кодексинин 203-беренеси (опузалап акча талап кылуу) боюнча айыпталган. Өзгөн райондук соту блогердин баш коргоо чарасын тандап, бир айга камалган. Кийинчерээк ал Өзгөн райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайынан Ош шаарындагы №25 тергөө абагына которулган.

Бауржан Кадырбеков 32 жашта, Мырза-Аке айыл аймагынын тургуну. Буга чейин өзүнүн YouTube каналындагы "Чындык маалымат KG" деген баракчасына Өзгөн шаарындагы дүкөндөрүндө сатылып жаткан мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдүн видеосун жарыялаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0