Көтөрүп чаап, колун кайрып... Күч түзүмдөрү оксуз кармашкан мелдештин видеосу

Жазылуу
Бүгүн, 18-майда, Бишкекте күч түзүмдөрү арасындагы оксуз кармашуу боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Ал 15-майда башталган.

Турнир Чек ара кызматынын 20 жылдык мааракесине арналып, жалпысынан 108 спортчу катышты. Алардын 10у — эл аралык класстагы спорт чебери, 50сү — КРдин спорт чебери, 60ы — спорт чеберине талапкер.

Турнир по рукопашному бою среди сотрудников силовых структур и правоохранительных органов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Күч түзүмдөрү бири-бири менен беттешип... Оксуз кармашуу турниринен ирмемдер
Командалык эсеп боюнча биринчи орунду Чек арачылар, экинчи орунду УКМКнын Мамлекеттик күзөт кызматы, ал эми үчүнчү орунду генерал-лейтенант Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер институту алды.

Жеңүүчүлөр медаль, дипломдор менен сыйланды. Ошондой эле Азия жана дүйнө чемпионатына катыша турганы кошумчаланды.

Оксуз кармашуу — аскердик универсалдуу спорт. Бут менен тээп, кол менен муштап, чабууга уруксат берилет жана күрөштүн айрым ыкмалары колдонулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0