Секирип келип тээптир! Арнольд Шварценеггерге кол салган учурдун видеосу

Жазылуу
Голливуддун атактуу актёру, мурдагы губернатор Арнольд Шварценеггерге Африкада сапарда жүргөндө кол салышкан. Бирок "терминатор" андан олуттуу деле жабыркаган эмес.

Бул туурасындагы видео YouTube каналына жайгаштырылган. Окуя Сандтон шаарында болгон.

Австралияда Жаңы Зеландиядагы мечитте болгон каргашага байланыштуу пикирин билдирген сенатор Фрейзер Эннингдин башына өспүрүмдүн жумуртка жарган - Sputnik Кыргызстан
Өспүрүм эл өкүлүн жумуртка менен башка койгон. Австралиядагы окуянын видеосу
Кадрдан алгач актёрдун күйөрмандары менен жолугуп, сүйлөшүп, алардын суранычы боюнча телефонго тартып жаткандыгын көрүүгө болот.

Бир аздан кийин бир адам аркасынан чуркап келип, секирип тепкендигин жана Шварценеггердин жыгылып калгандыгын көрүүгө болот.

Independent басылмасы актёр Сандтон шаарына ал жерде өткөрүлгөн спорттук таймаштын калысы катары токтогондугун жазган.

Маалыматта актёрго батынып кол салган кишинин кармалгандыгы кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0