Көчөдөн тинтип... Билим берүү борборунун кызматкери пара менен кармалган видео

Жазылуу
УКМКнын маалыматына караганда, кармалган аял тендерди уткан компаниядан акча талап кылган.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук Билим берүү борборунун кызматкери 15 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Аял 21-майда Бишкектен колго түшкөн.

"Кармалган аял тендерди каржылоо маселесин чечип берүү үчүн компаниядан акча талап кылган", — деп айтылат маалыматта.

Материалдар Кылмыш жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге Кылмыш жаза кодексинин 326-беренеси ("Акча талап кылуу") боюнча каттоого алынды. Кармалган кызматкер УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0