Кудай сактаптыр! Эркек киши аз жерден кызын өрттөп ала жаздады. Видео

Жазылуу
Мексикадагы май куюучу жайда эркек киши аз жерден кызын өрттөп ала жаздады. Окуя Керетаро шаарында болгондугун "Известия" жазды.

Окуя көзөмөл камерага түшүп калган.

Маалыматка ылайык, жети жаштагы кыз май куюучу жайда токтоп турган унаанын арт жагында турган. Бир убакта статикалык электрдин айынан жалын чыккан. Кыз артка качканга үлгүрсө, эркек киши чочуганынан май чыгып жаткан шлангасын ыргытып жиберген. Мындан улам өрт ого бетер күчөгөн.

Кырсыктын кесепетинен эки киши жабыркап, ооруканага жеткирилгени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0