Жөргөмүштөй болгон робот үч тонналык учакты сүйрөп кетти. Видео

Жазылуу
IIT-Istituto Italiano di Tecnologia институтунун окумуштуулары HyQReal деген роботту ойлоп тапты. Анын жөндөмдүүлүгүн Генуи аба майданынан көрсөтүп, жүргүнчү ташыган учакты сүйрөткөн.

Аталган видео YouTube каналына жайгаштырылды.

Boston Dynamics робот иттерге машина сүйрөгөндү үйрөттү. Видео - Sputnik Кыргызстан
Boston Dynamics "робот иттерге" машина сүйрөгөндү үйрөттү. Видео
"Популярдуу механикалар" журналынын маалыматына караганда, HyQReal роботунун төрт буту бар, узундугу 133 сантиметр, бийиктиги 90 сантиметр, салмагы 130 килограмм. Төрт электр кыймылдаткыч жана 48 вольттук батарея менен жабдылган.

Ал көргөзмө учурунда Piaggio P180 Avanti учагын сүйрөгөн. Аба кемесинин узундугу 14,4 метр, канатынын узундугу 14 метр, ал эми салмагы 3,3 тоннаны түзөт.

Бул роботтун ойлоп табуучулары эми куткаруу операцияларында адамдарга жардам бере ала турган роботторду да иштеп чыгууну көздөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0