Футболчу Виталий Люкс дарбазачынын айласын кетирген видео

1882
(жаңыланган 12:27 27.05.2019)
Кыргызстандын курама командасынын чабуулчусу Виталий Люкс өзгөчө пас берип, командасын алдыга алып чыкты.

Кыргызстандын Футбол федерациясынан кабарлашкандай, окуя Германиянын Вюртемберг кубогунун финалдык оюнунда болгон. Люкс ойногон "Ульм 1846" командасы "Эссинген" командасы менен беттешип, 2:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Люкс оюн талаасына 74-мүнөттө чыгып, өнөгүнөн алган топту коргоочулардан алдап өтүп, дарбазачынын аласынан өткөрө пас берген. Ачык турган командалашы дарбазага топту тээп киргизген.

Эми "Ульм" командасы жаңы сезондо Германиянын биринчи кубогунда ойноого укук алды.

1882
Белгилер:
футбол, гол, Виталий Люкс, Германия
Тема боюнча
Виталий Люкстун голу Азия кубогундагы мыкты ондукка кирди. Видео
Хет-трик жасаган Виталий Люкс тууралуу эмне белгилүү