Ашканада отурган кишилерди качырып кирген камандын видеосу

368
(жаңыланган 15:48 27.05.2019)
Кытайда заводдун жумушчулары тамак ичип отурган жайга капысынан кирип келген каман элдин үшүн алды.

The Daily Mail басылмасы жазгандай, окуя Чжэцзян провинциясындагы Нинбо шаарында болгон.

Жапайы жаныбардын кишилерди качыра сүзүп жаткан учуру видеокамерага түшүп калган. Жүрөгү түшкөн адамдардын столдун үстүнө чыга качканын көрүүгө болот.

Маалыматка ылайык, каман ашканага арткы эшик аркылуу кирип келген. Бактыга жараша, эч ким олуттуу жаракат алган эмес, бирок жаныбар бир кишини тиштегенге жетишкен. Сыртка качып чыккан каманды акыры атып өлтүрүшкөн.

368
Белгилер:
видео, Кытай, каман
Тема боюнча
Бука тызылдап качкан кишини өлтүрө челип салды. Испаниядагы фестивалдын видеосу