"Ала-Тоо" кубулду! "Зеленхоз" жумушчуларынын колунан чыккан кооздук видеодо

Жазылуу
Асмандан тартылган кадрларда борбор калаанын борбордук аянты көрсөтүлгөн.

Бишкектин борбордук бөлүгү жаңы тигилген гүлдөрдөн улам бир башкача кооздукка бөлөндү.

Борбор калаанын мэриясы жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча жасалып жаткан иштерди айтып берди - Sputnik Кыргызстан
Бишкек жана анын кире бериши кантип өзгөрүп жатат? Мэриянын сүрөт отчёту
Апрель айынын жарымынан тарта "Зеленхоз" ишканасынын 50 кызматкери 1 миллион 300 миң түп гүл отургузганын мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Башкача айтаканда, ар бир жумушчу ар кыл түрдөгү 26 миң түп гүл тиккен.

Бишкекте үч жаңы клумба пайда болуп, аларды көрктөндүрүүдө декоративдүү таштар менен мрамор үбөлөндүсү пайдаланылган. "Зеленхоз" ишканасынын кызматкерлери гүлдөн ар кандай оюуларды, килем сүрөттөрүн түшүрүштү. Ал эми клумбалардын эскиздерин ишкананын адистери даярдап берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0