Социалдык тармактын колдонуучуларын Кытайдагы автоунаа жолундагы оптикалык иллюзия таңыркатты. Өзгөчө видеону Reddit порталынын окурмандарынын бири жарыялаган.
Кадрдан унаалар тосмо конструкцияга бурулгандан кийин "жок болуп" кеткенин көрүүгө болот.Интернет колдонуучулары иллюзия "Гарри Поттер" тасмасындагы Хогвартс сарайынын кош дүйнөсүн эске салганын жазышты.
Өзгөчө иллюзиянын сырын соцтармак колдонуучуларынын бири ачты. Көрсө, жолго жакын жайгашкан имараттын чатырынан улам ушундай көрүнүш жаралыптыр. Тагыраагы, автор видеону тартып жатканда чатыр жалпы көрүнүштү жарым-жартылай жаап калган. Муну түшүндүрүү үчүн колдонуучу анимациялык видео дагы тарткан.
Ролик Reddit сайтында 40 миң ирет көрүлсө, Twitter тармагында 15 миң ирет бөлүшүлүп, 30 миң "лайк" алган.
Россиянын Бердск шаарынын спортчулары дээрлик 600 метр бийиктикте туруп өнөрүн тартуулашкан.
Алар дүйнөдө биринчи болуп асманга көтөрүлгөн учурда концерттик программасын аткарганы белгиленет. Гимнасттар муну менен эле чектелбей, дагы да көп ыкмаларды жасай турганын айтышкан.
8-март — Аялдардын эл аралык майрамын утурлай жоокерлер өз апаларын, эжелерин айттырбай барып куттуктап, кубантышкан.
Энелердин жүрөгү элжиреп "силер бактылуу болсоңор, мен бактылуумун" деп алкап жатканын көрүүгө болот. Ал эми көчөдө баратып аскерлердин колунан гүл, открытка алган айымдар көңүлү көтөрүлүп рахматын айтышты.
"Жаздын алгачкы күнү менен келген бул майрамда сиздерге бакыт-таалай, бекем ден соолук, узун өмүр каалайбыз. Бар болуңуздар, кымбаттуу, нур жүздүү, ай-чырайлуу айымдар!" — деп жазылган маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.
Видео Ички иштер министрлигинин YouTube каналына жайгаштырылган.
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызстандыктар Нооруз майрамына карата үч күн катары менен эс алат.
Быйылкы 21-марттагы Нооруз майрамы жекшемби күнгө туура келет. Буга байланыштуу майрамдык дем алыш күн дүйшөмбүгө, 22-мартка, жылдырылат.
Мындан улам өкмөттүн токтомуна ылайык, 20 (ишемби), 21 (жекшемби) жана 22-март (дүйшөмбү) күндөрү кыргызстандыктар эс алат.